• Ишенби 10 Кулжа 2023
  • Суббота 10 Июнь 2023

94 жаштагы ата уулун издейт (видео)

17 мая 2018 в 10:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.05.2018. Govori.TV

Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын 94 жаштагы тылдын ардагери Садык Мадумаров 6 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан уулун издеп коомчулукка кайрылып, жоголгон баласын табууга жардам сурайт.

Аксакалдын айтымында, 1967-жылы туулган уулу Кушбак Мадумаров 6 жыл мурун Москвага иштегени кетип, ошол бойдон үй-бүлөсүнөн кабар алган эмес.

Мындан тышкары аксакал жоголгон уулу музыка дүйнөсүнө жакын экенин белгилеп, ага атап  комуз чаптырып койгондугун айтып, чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын кошумчалады.

 

Количество просмотров: 28