• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Шансон” ыр менен коштолгон видео чыгарган курсант кыздарга тартиптик жаза көрүлдү

27 Жетинин айы 202521:58 Бишкек Govori.TV

Курсанттардын орунсуз видео тартуусу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары криминалдык субмаданияттын музыкалык композицияларын коштоп, видео жаздыруу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Иликтөөнүн жыйынтыгында окуяга катышкан 4-курсунун курсанттарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, С.М.С жана К.Э.Кга тартиптик жазалары берилди.

Мындан тышкары, Академиянын жетекчилигине ушул сыяктуу көрүнүштөрдү алдын алуу максатында курсанттар менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү боюнча катуу талаптар коюлду.

Количество просмотров: 252