Экономика жана коммерция министрлиги КР салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында 2022-жылдын 18-мартындагы “Эсеп-фактураларды колдонуу жөнүндө” КР министрлер кабинетинин токтому кабыл алынганын маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган токтом менен эсеп-фактураларды түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби бекитилип, төмөнкүлөр белгиленди:
1) кошумча нарк салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу салык төлөөчү, ошондой эле катары менен акыркы 12 ай үчүн же катары менен 12 календардык айдан кем эмес мезгилдеги кирешеси 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүгө;
2) 2022-жылдын 1-апрелинен тартып акыркы 12 ай ичинде же катары менен 12 календардык айдан аз мезгилдеги кирешеси 8 000 000 сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураларды берет.
«Бул токтомдун өзгөчөлүгү товарларды экспорттогон субъекттер КРнын аймагынан товарларды алып чыгуунун алдында электрондук эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү. Буга байланыштуу министрлик экспортчуларга жана жүк ташуучуларга КРнын аймагынан товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактураларды берүүнү сунуштайт», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бул токтом менен https://www.gov.kg/ru/npa/s/3715 шилтемеси аркылуу таанышууга болот.