• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Азык-түлүктүн баалары көтөрүлүшү мүмкүн. Кыргызстан айрым азыктарды тышка сатууга тыюу салат…

14 Кулжа 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

Өкмөт Кыргызстандагы айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБ биримдигинен тышкары чыгарууга 8-июлдан тартып жарым жылга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун талкууга койду.

Бул демилге Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине таандык.

«Токтом долбоору Кыргызстандын ички азык-түлүк рыногунда абалды турукташтыруу, айыл чарба товарларынын опурталдуу жетишсиздигин жана алардын бааларынын жогорулашын болтурбоо максатын көздөйт», — деп айтылат маалыматта.

Сыртка чыгарылбасын деген азыктарга буудай, меслин, жүгөрү, арпа, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, жумуртка, тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту) кирген.

Мындай кадамга барууга өкмөт бир нече себеп бар экенин айттат.

  • Казакстан тарабынан тирүү малдын экспортуна чектөөлөрдү коюу, Өзбекстанда мал чарбасын өнүктүрүү программасын ишке киргизүү менен байланыштуу жана мал жандыктарын өлкөнүн аймагынан массалык түрдө чыгарылгандыгы байкалган;
  • Кыргызстанда малды сырттан алып келүү кыскарган;
  • 2020-жылдын жазгы-күзгү талаа иштерин жүргүзүү жыйынтыгы менен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары азайып, айрым айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү төмөндөгөн. Анын кесепетинен ички азык-түлүк рыногунда жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын баасы 60-70 пайызга өсүп кеткен;
  • кыш мезгилинде кардын аз жаашы, жаздын кеч келиши 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин бузду. Кыргызметеорология кызматы жайдын кургакчыл болушун билдирүүдө.
  • Айыл чарба өндүрүшүнө бул терс таасир берет;
  • коронавирус пандемиясынын күтүлүп жаткан толкунунун коркунучу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.

Количество просмотров: 1181