• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бөбөктөрдү сабаган тарбиячы суракка алынды

22 Жетинин айы 2018 13:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.11.2018. Govori.TV
Жалал-Абад шаарынын № 21 бала бакчасынын тарбиячысы ички иштер башкармалыгында сурак берүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алардын маалыматында, үч жашар кыздын апасы тарбиячы кол көтөргөндүгүнө даттанып, арыз менен кайрылган.
«Ал 29 жаштагы тарбиячы экендиги аныкталды. Арыз денеге залака тийгизүү фактысы менен катталды. Учурда териштирүү жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта кичи тайпанын тарбиячысы бөбөктөргө кыйкырып, кол көтөргөн видеосу таркаган.
Количество просмотров: 27