• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бейтапканаларда коронавирус жуктурган 316 адам дарыланууда

11 Бугу 2020 10:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 316 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен үчөө реанимацияда жатат. 77 бейтаптын абалы орточо оор, 230 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016ны түзөт. Алардын ичинен 688 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Количество просмотров: 85