Кыргызстанда 27-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 9;
Чүй облусунда – 2.
Акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты, илдеттен каза болгондор катталган жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 52 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 879 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 170 киши айыгып чыкса, 2 миң 984 адам каза болду.