• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн 124 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

28 Тогуздун айы 2021 9:04 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 28-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 64,
  • Ош шаарында – 2,
  • Чүй облусунда – 29,
  • Ош облусунда – 4,
  • Талас облусунда – 3,
  • Нарын облусунда – 2,
  • Ысык-Көл облусунда – 13,
  • Жалал-Абад облусунда – 5,
  • Баткен облусунда – 2.

Сутка ичинде өлкө боюнча үч бейтап каза болду.

Бүгүнкүгө карата 100 адам илдеттен сакайып чыккан. Стационарларда коронавирустан 705 бейтап, амбулатордук түрдө 699 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң989 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 664 адам каза болду.

Количество просмотров: 94