• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бүгүн АКШ жана Канададан 146 кыргызстандык учуп келди

23 Бугу 202010:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-майда Бишкекке Кыргызстандык окуучуларды ыкчам түрдө алып чыгып кетүү үчүн уюштурулган атайын каттам менен 109 окуучу, 37 студент жана АКШ менен Канададан Кыргыз Республикасынын жарандары учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуучулар менен студенттер FLEX, International Student Exchange, NorthWest Student Exchange, Fullbright жана башка программалар боюнча ар кайсы шаарларда окуп жүрүшкөн.

«Жалпысынан аталган каттам менен 146 жүргүнчү учуп келди. Алардын арасында улгайган курактагылар жана саламаттыгына байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгондор бар», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын президенти койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда иштелип жатат.

Количество просмотров: 115