• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бүгүн Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланат

13 Үчтүн айы 2021 9:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот отуруму уланат. Сотко мурдагы мамлекет башчы өзү катышканы жатканын анын жактоочулары кабарлаган.

Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери бириктирилип каралууда. Алар Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупцияга байланышкан кылмыш иштери.

Быйыл январда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу дагы бир кылмыш иши сотко өткөнүн адвокаттар билдиришкен. Маалыматка караганда, Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу тууралуу иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шек саналууда.

Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган.

Жогорку сот 30-ноябрда Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Количество просмотров: 185