• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бүгүн Батукаевдин иши боюнча кезектеги сот отуруму өтөт

9 Үчтүн айы 2020 9:28 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кезектеги соттук отурум бүгүн, 9-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында өтөт. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко келбей жаткандыгына байланыштуу отурумду УКМКда өткөрүү чечими кабыл алынган. Ал эми жактоочулардын жараянды Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчү четке кагылган.

Эске салсак, Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Количество просмотров: 66