• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек шаардык соту Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карайт

30 Теке 201810:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.07.2018.Govori.TV
Бүгүн, 30-июлда  Бишкек шаардык сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.
Эске салсак, 19-июлда мэр Албек Ибраимов «ТНК Дастан» ишканасындагы жемкорлукка айыпталып камакка алынган. Ага Бишкек шаарындагы муниципиалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча да кылмыш иши козголгон.
Количество просмотров: 15