Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Актилек Капаровдун, Айке Бейшекееванын жана Азамат Ишенбековдун адвокаттарынын апелляциялык арызын кароо бүгүн, 9-декабрда саат 14:00дө уланат.
25-ноябрда өткөн отурумда шаардык сот буга чейин акталган жети журналистке карата Ленин райондук соттун чечими күчүндө калтырган.
Эске салсак, Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Ал эми журналисттер Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган.