• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Канышай Мамыркулованын соту дагы жылды

26 Кулжа 202512:58 Бишкек Govori.TV

26-июнда журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча Бишкектин Октябрь райондук сотундагы отурумга сурак бере турган эксперт бул жолу да келген жок.

Прокурор ал 11-июлга чейин эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин, ушундан улам соттук отурумга катыша албай турганын айтты.

Судья кийинки отурумду 30-июнга дайындады. Анда айыпталуучу сурала баштайт.

17-июнда да эксперт келбей калгандыктан сот 26-июнга жылдырылган.

Количество просмотров: 188