• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бүгүн Бишкек шаарында жер титирөө болду

18 Аяк оона 201811:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.

Бүгүн таңкы саат 04:57де Бишкек шаарында жер титирөө катталган. Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн борбору Интернационал айылынын түндүк-чыгыш тарабынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде болуп күчү 3,7 баллга чейин жеткенин кошумчлашкан.

Жер титирөөнүн күчү Нурманбет, Интернационал айылдарында 3 баллга, Юрьевка, Совет, Карагай-Булак, Алмалуу, Горная Маевка айылдарында 2,5 баллга, Бишкек жана Токмок шаарында 2 баллга жеткен.

Количество просмотров: 51