18-августта эртең менен Бишкекке жакын жерде күчү 2,5 баллга жакын жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө саат 05:52де катталган. Бирок, Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү сезилген жок.
Жер титирөөнүн очогу Чүй облусунун аймагында Бишкекке жакыныраак жерде болгон. Тагыраагы, Кой-Таш айылынан 15 км батыш тарапта жайгашкан Юрьевкада болгон. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.