• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн Бишкекте 22:30дан баштап коомдук транспорттор токтойт

26 Кулжа 2020 17:10 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 26-июнда саат 22:30да коомдук транспорттордун каттамы токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн токтотулган транспорттук каттамдар кайра дүйшөмбү күнү тагыраагы, 29-июнда саат 06:00дө жанданат.

«Көрсөтүлгөн убакытка чейин үйүңүздөргө жетип алыңыздар. Ишкана, мекемелердин жетекчилигине кайрылып, кызматкерлердин коопсуздугу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү, мүмкүн болсо аралыктан иш алып барууну же транспорт менен камсыз кылууну сунуштайбыз. Ошондой эле шаар тургундарын зарылчылык болбосо үйдөн чыкпай отурууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте ишемби жана жекшемби күндөрү автобустардын, троллейбустардын жана маршруттук таксилердин каттамы токтотула турганы айтылган эле.

Количество просмотров: 377