Бүгүн, 15-декабрда жаңы жылга карата “Ала-Тоо” аянтына тургузулган башкы балатынын чырактары жанат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Алардын маалыматына ылайык, быйыл Жаңы жыл майрамдары үчүн “Ала-Тоо” аянтын жасалгалоо, майрамдык иш-чараларды уюштурууга 3,5 млн сомго жакын каражат сарпталат.