• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Бүгүн Бишкектеги балаты жандырылат

10 Бештин айы 2018 17:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарына орнотулган жаңы жылдык балатыга жарык берилет.  Бул тууралуу шаар башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, салтанаттуу иш-чара саат 19:00дө башталат.

Балатынын бийиктиги25 метр, диаметри 12 метр. Аны 2015-жылы Кытайдын элчилиги белек кылган. Балаты 350 оюнчук, узундугу 240 метр болгон жарык диоддук гирлянды жана 240 метрлик мишура менен кооздолгон.

Салтанаттуу иш-чарада коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 700 милиция кызматкери тартылган. Саат 18:00дөн тартып 23:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап, Эркиндикке чейин, Абдумомунов көчөсүнүн Раззаков көчөсү менен кесилишкен жеринен тарта Орозбековго чейинки бөлүгү жабык болот.

Теги:
Количество просмотров: 25