Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектин чыгыш тарабында муздак суу болбойт. Бул тууралуу Муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 9:00дөн баштап саат 24:00 гө чейин Учкун кичи районунда жана Учкун конушунда таза суу берүү токтотулат. Буга диаметри 500 мм болгон магистралдык суу түтүгүндөгү авариянын жоюлушу себеп болгон.
Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ишканаларды, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди, ошондой эле калкты ичүүчү суу камдап алууларын суранат.