• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн блогер Сыдымановго өкүм чыгышы күтүлүүдө

8 Кулжа 2020 11:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Белгилей кетсек, журналисттерге отурумга кирүүгө уруксат берилген жок.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү отурумда соттолуучуга акыркы сөз берилип, соңунда өкүм чыгары күтүлүүдө. Октябрь райондук сотунун алдына блогерди колдоп жакындары келди.

Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Аны сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну прокуратура сураган.

Сыдыманов «Инстаграм» баракчасы аркылуу түз эфирде түндүк-түштүк маселесин козгоп, анын айткандары коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Ал 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 397