• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Бүгүн Болот Назаровдун соту уланат

20 Бугу 20229:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровго карата козголгон ишти кароо уланат. 

Назаров билдиргендей, отурум саат 15:00гө белгиленген.

Эске салсак, төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, кийин чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган. Назаровго жана Темировго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Төкмө акын Болот Назаров «Ютуб» каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.

Количество просмотров: 168