• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Жапырт кармалгандар абакта калды. Төкмө акын Назаров ат уурдады деп айыпталууда

9 Жетинин айы 2022 19:13 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ӨЗБЕКСТАНГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ошондой эле ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда”, деп билдирди ал.
Азымбакиев кошумчалагандай, Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.
Өзбек тараптын төрагалыгы астындагы Саммиттин ишине Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын башчылары катышат.
Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

ЖАПЫРТ КАМАЛГАНДАР АБАКТА КАЛДЫ

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту жапырт кармалган саясатчы, жарандык активисттердин бөгөт чарасын жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун карады.
Соттун чечими менен БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, УКМКнын экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, саясатчы Перизат Суранова, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, жарандык активисттер Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Айбек Бузурманкулов жана Таалай Мадеминовдор камакта калтырылып, алардын кармалышын мыйзамдуу деп табылды.
Буга чейин Биринчи май райондук соту аларды 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган болчу.
«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист Атай Бейшенбектин апасы сот отурумунан соң бийликке кайрылуу жасады.
Ал эми Бишкек шаардык сотунун имаратынан алдына кармалган саясатчылардын жана активисттердин жакындары чогулду. Алар соттордон адилеттүү чечим чыгарышын талап кылууда.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

ТӨКМӨ АКЫН НАЗАРОВ КАРМАЛДЫ

Олжобай Шакир Фейсбуктагы баракчасына төкмө акын Болот Назаров бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатканын, жакындарынын айтымында ал Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан кармалып, камакка алынганын жазды. Анын айтымында, Назаровду тойго ырдатканы чакырышып, аягында чепкен жаап, ат мингизишкен. Кийин белек катары берилген жылкы ага чейин уурдалган деп ырчыны камап коюшкан.
Ал арада Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы маалымат таратып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталган кылмыш ишинин алкагында Н.Б аттуу жаран кармалганын кабарлап, сүрөтүн жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, 7-ноябрда Москва РИИБке Беловодское айылынын тургуну 1968-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызында 7-ноябрь күнү Чон-Арык айылынын тааласында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган жаш өспүрүм баласы минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Аталган факт боюнча 8-ноябрь күнү кылмыш иши козголгон.
“9-ноябрь күнү Москва РИИБнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Уурдалган жылкы буюм далили катары алынган», — деп айтылыт билдирүүдө.
Эске салсак, Назаровду быйыл январда милиция иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу кармап, камакка алган. Көп өтпөй эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

СУЛТАНБАЕВ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматтар чыгып жатканын айтып, соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.
Анын билдирүүсундө айтылгандай, Кыргызстанда 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин 193 объектинин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргөн, буга мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. 172,1 млн. сом коротулган.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өз каражытанан Жалал-Абад шаарына караштуу Жеңиш кичи районунда асфальт төшөлгөн жолдун салтанаттуу ачылышына катышканын жана ал көчө Ташиевдин атасынын ысымын алып жүргөнү тууралуу маалыматтар тараган. Ошондой эле Ташиев Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу бир чакырым ички жолду дагы өз каражатынан асфальттап бергени кошумчаланган.
Эске салсак, Барпы айылында сейил бак ачылып, ага Камчыбек Ташиевдин бир тууганынын урматына «Жони» деп аталганы бир катар талкууларды жараткан эле…

КӨМҮРДҮН БААСЫ

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Бишкекте 1-ноябрдан көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылаарын кабарлаган. «Говори ТВ» айтылган төрт даректин экөөсүнө барып келди. Анда байкалгандай 4000 сомдук көмүрлөр кампасында калбай калган. Кара-Кече кенинен чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылып, бир адамга эки тонна берилмек. Учурда Мурманский көчөсүндө жайгашкан кампасында көмүр түгөнгөн. Ал эми коммерциялык багыттагы башка кампада тоннасы 4800 сомдон сатылууда.

ЖУМУШСУЗДУК АЗАЙГАНЫ АЙТЫЛДЫ

Кыргызстанда акыркы жылга карата жумушсуздуктун деңгээли 4% кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин акыркы он жылдын маалыматын жарыялоосунда белгиленген.
Маалыматка ылайык, төмөндөө тенденциясы 2012-жылдан бери байкалууда, ал кезде республикада эмгекке жарамдуу курактагы жумушсуз жарандардын саны 207,9 миң адамды түзсө, жети жылдын ичинде алардын саны дээрлик 33%га кыскарып, 140 миң адамды түзгөн.
«Бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам бул көрсөткүч 6%га өсүп, 148,2 миң адамды түздү. Ишканалардын экономикалык активдүүлүгүнүн калыбына келиши менен жумушсуз жарандардын саны кайрадан кыскара баштады, 2021-жылдын аягына карата 141,6 миң адамды түздү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алардын көбү эркектер – 77,4 миң», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 786