• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн Чубак ажынын туулган күнү

21 Үчтүн айы 2019 11:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Бүгүн Чубак ажынын туулган күнү. Аалымды Говори ТВ агенттиги туулган күнү менен куттуктайт!

Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда араб тили, андан соң фикх боюнча билимин жогорулаткан.

Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-1998 — Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
  • 2005-2007 — Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
  • 2008-2010 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде мугалими;
  • 2010-2012 — Кыргызстандын азирети муфтийи;

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы. Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Количество просмотров: 81