• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Президент Эл аралык аялдар күнүнүн алдында Чыңгыз Айтматовдун үй- бүлөсүнө барды

7 Жалган куран 202012:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык аялдар күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй- бүлөсүнө барды.

Мамлекет башчысы жазуучунун жубайы — Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Мамлекет башчысы Айтматовдун жакындары менен баарлашып,  жазуучунун уулу Эльдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу  айтып берди.

Количество просмотров: 305