Кыргызстанда 13-декабрь, саат 11:00гө карата коронавирус дагы 297 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте — 93, Ош шаарында — 9, Чүй облусунда – 66, Ош облусунда — 16, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда – 57, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда — 17 адам илдетке кабылды.
Ал эми акыркы бир күндө 398 адам сакайып чыкты. Алардын ичинен Бишкекте – 122, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 101, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 52, Баткен облусунда – 35 киши айыкты.
Өлкөдө жалпы 77 миң 356 адам коронавируска кабылса,70 миң 192 киши айыкты.
Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок. 13-декабрга карата жалпы өлкө боюнча илдеттен 1 миң 307 жаран каза тапты.
Акыркы суткада 2 миң 544 ПЧР анализ жүргүзүлдү.
Стационарда 2 миң 86 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 898 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен бирөө «кызыл зонада» жуктурган. Ал эми үй шартынан 11 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4 миң 34 учур катталды, алардын ичинен 3 761 медкызматкер сакайды.