Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн президент Садыр Жапаров менен жолугат. Маалыматты Govori.TVга эл өкүлү Сайдулла Нышанов ырастады.
Маалыматка караганда, президент Жогорку Кеңештин депутаттарын бүгүн, 27-июль күнү саат 18:00дө резиденцияга жолугушууга чакырган. Жолугушуу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.
Белгилей кетсек, 21-июлда депутаттар Садыр Жапаров менен жолуккан. Анда шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынганы айтылган.