Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата бүгүн, 17-январда эскерүү кечеси өтөт.
Маалыматка ылайык, чоң программадагы концерттик иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.
Бүтүндөй Борбор Азияга аты белгилүү төкмө акын болгон. Мындан тышкары мыкты обончу, дастанчы, манасчы, актер, жазма акын катары да калың журтка таанымал. 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында дүйнө салган.