• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Элмирбек Иманалиевдин ысымын Киев көчөсүнө ыйгаруу боюнча Балбак Түлөбаевге кат жөнөтүлдү

29 Үчтүн айы 2021 11:51 Бишкек Govori.TV

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө ыйгаруу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу демилгечилердин бири Алмаз Абдисияев билдирди.

Абдисияев бул маселени Элмирбек Иманалиев каза болгондон бери эле көтөрүп келгенин, эл тараптан колдоо болгону менен шаар бийлиги тарабынан тийиштүү реакция болбой жатканын айтат.

«Киев көчөсүнүн атын Элмирбек Иманалиев атындагы көчө деп өзгөртүүнү сунуштап жатам. Башында социалдык тармак аркылуу демилгелегем. Бирок тийиштүү реакция болгон жок. Буга байланыштуу расмий түрдө Бишкек шаардык кеңешине жана мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетовго кат жолдодум”, – деди Абдисияев.

Кошумчалай кетсек, акын, КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында каза болгон. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Бир нече ырлардын автору, айтыштардын жеңүүчүсү болгон. Акын билим жолун Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияда баштап, андан соң 2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

Элмирбек Иманалиев белгилүү ырчылар аткарып жүргөн «Мунарым», «Жалгыздыкта коштошуу», «Ак секет», «Булбулум», «Боздотпочу», «Аруузат», «Балкыма» ырларынын обонун жараткан.

Количество просмотров: 875