• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду

9 Жалган куран 2023 15:21 Бишкек Govori.TV

Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду.

Кошумчалай кетсек, Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп 2022-жылдын июнь айында дайындалган.

Количество просмотров: 6054