• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин күмбөзүнө эстелик орнотулду

20 Чын куран 2022 18:15 Бишкек Govori.TV

Белгилүү төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиевдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, белгилүү маданий ишмерлер, замандаштары жана кеңири коомчулук катышып, анын чыгармачылыгын жана адамдык парасатын эскеришти.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Төрт жашынан тамга таанып, жети жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармонияга караштуу эки жылдык студияны, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган. Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгелеринин ээси болгон.

Акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам каза болгон.

Количество просмотров: 2035