Бүгүн экс президент Роза Отунбаеванын туулган күнү. Ал 2010-жылдын 7-Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, өлкө өтө кооптуу учурда турганда чоң жоопкерчиликти моюнга алган айым катары элдин эсинде калды.
Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи айым президент катары тарыхта калат.
Кыргызстан экинчи революцияны башынан өткөрүп турган оор күндөрдө президент болуп өлкөнү 1,5 жылдай башкарды. Адилеттүү жана адилетсиз айтылган сын-пикирлерди укту.
2011-жылдын 1-декабрында Кыргызстанда алгачкы жолу президент тынчтык жолу менен алмашып, Роза Отунбаева тизгинди жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевдин колуна карматкан.