• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Текебаев абактан чыгаары менен убактылуу өкмөт мүчөлөрү чогулду

10 Аяк оона 2019 18:14 Бишкек Govori.TV

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2016-жылдан бери алгачкы жолу чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу «Govori.TVга» убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында жолугушуу бейформалдуу өткөн. Анда убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоноду абактан үй камагына чыгуусу менен куттуктап, бир катар темалардын алкагында жана ошондой эле өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал тууралуу сөз болгон.

Убактылуу өкмөттүн чогулушуна экс-президент Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кенешбек Дуйшебаев, Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Эльмира Ибраимова, Болот Шер жана Дуйшенкул Чотоновдор катышкан.

Сариев кошумчалагандай жолугушууга камактагы мурунку президент Алмазбек Атамбаев жана Иса Өмүркулов катышкан эмес. 

Количество просмотров: 1969