• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Миграция трагедия эмес бирок, аргасыздык…

3 Бештин айы 2018 16:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.11.2018.Govori.TV.
Россияга жумушка орношууга бара жаткан кыргыз 40 жигит көчөдө калышкандыгы тууралуу видеону фейсбук колдонуучусу Шабданбек Рахманов жүктөп, » Кыргызстандан Россияга жумушка деп чакырса келбегиле, тааныштар аркылуу гана келгиле. Ушул балдардын байланыш телефондорун таппай жатам. Билгендер болсо, жазып койгула»,- деген пикирин калтырган.
Шабданбек Рахманов Кочкор-Аталык Медер аттуу жигиттин атынан «Велесстрой» фирмасына келишкенин, бирок, ал жактан жигиттердин барын кабыл албай, 20 градус суукта көчөдө кайра артка келүүгө акчасыз калганын айткан.
Бишкек шаарында жарнама аркылуу адамдарды Россияга ишке жөнөткөн Рыскулов көчөсүндөгү 95-үйдө, Токтогул көчөсүндөгү 181-үйдө жайгашкан топтор тууралуу мигранттар жакшы билишет. Бирок, азырынча алардын үстүнөн арызданган же даттанган жарандар чыга элек.
Өткөн жумада президенттин жарлыгы менен “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш” түзүлгөн. Кеңеш мигранттарды колдоо көрсөтүп, алардын инвестиция салуусуна көмөктөшөт. Бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт. Анын төрагасы болуп президент Сооронбай Жээнбеков эсептелет.
Албетте, мындай жакшы саамалыктар колдоого алууга татыганы менен мигранттардын бардыгынын эле инвестиция салууга күчү келе бербейт. Анткени, миграциянын агымына аргасыздыктан, жакырчылыктан улам кошулгандар арбын. Жыл сайын салтка айланып калган “Мекендештер” форумунда мигранттардын маселеси тууралуу арбын айтылган менен чет жерде кыйналган          мекендештердин катары азайган жери жок…
Ал эми ушул эле аралыкта Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясы  ички жана тышкы миграция масеплесин кароо учурунда үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанга 380 миң чет элдик мигрант болуп келгендигин белгиледи. Жыл сайын 16-17 миң чет элдик жумушчуларга квота берилсе алардын ичинен 70 пайызын кытайлар түзөт.

Количество просмотров: 40