• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бүгүн, Кыргызстан Бириккен Араб Эмиратынын футболчулары менен беттешет

21 Үчтүн айы 20198:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Бүгүн, 21-январда футбол боюнча Азия Кубогунун плей-офф баскычындагы оюндар алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары менен беттешет.

Оюн, Бишкек убактысы боюнча 23.00дө болот.

Кыргызстандык футболчулар буга чейин 16-январда Филиппин өлкөсүнүн курама командасын 3:1 эсебинде утушкан. Ага чейин биринчи турда Кытай менен беттеште 1:2 эсебинде утулса, экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген эле.

Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда.

Количество просмотров: 59