• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн Кыргызстан — Мьянма курамалары беттешет

11 Кулжа 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстан — Мьянма курамалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюн 11-июнда Бишкектин убактысы менен саат 13:00дө башталат. Анда оюнчулар Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу буга чейинки оюндарда алган эскертүү сары кагаздарынан улам Мьянмага каршы оюнга чыкпайт.

Ал эми дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин жана Авазбек Откеев дагы оюн талаасына чыкпай калышы мүмкүн. Монголиянын командасына каршы оюнда аталган спортчулар коронавируска шектелип, беттешке катышкан эмес.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголиянын командасына 0:1 эсебинде утулган.

Количество просмотров: 132