• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бүгүн Кыргызстанда — мамлекеттик тил күнү

23 Аяк оона 20209:24 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстанда — мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу «Санариптешүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү» аттуу эл аралык илимий -тажрыйбалык конференция өтөт.

Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрь күнү Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттик тилдин макамын кошо бекиткен “Мамлекеттик тил” жөнүндө мыйзамды кабыл алган. Быйыл мамлекеттик тил күнүнүн 31 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Ал эми, 1994-жылы мыйзамга толуктоо киргизилип, орус тилине расмий тил макамы берилген. Бул — өлкөдө мамлекеттик тил менен катар Кыргызстанда жашаган башка улуттардын да тилдери өнүгүп жатат дегендик.

Количество просмотров: 128