Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына мамлекеттик тилди колдонуу маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 25-июнунда кабыл алган. Бул мыйзам КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жана КР мыйзамдарынын:
Президент кол койгон «Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзам актыларына мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзамы Жогорку Кеңештин депутаттарына, КР Министрлер кабинетинин төрагасына жана КР Министрлер кабинетинин башка мүчөлөрүнө, КР Улуттук банкынын кызматкерлерине, судьяларга жана прокурорлорго мамлекеттик тилди билүү талаптарын белгилөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын айрым конституциялык мыйзамдарын КРнын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик тилди колдонууга байланышкан 12 мыйзамга жана жети Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилди.
Мыйзамдагы негизги учурлар:
🔻депутаттыкка талапкерлер, прокурорлор, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик орган жетекчилери, судьялар, Улуттук банктын кызматкерлери Министрлер кабинети аныктаган деңгээлде кыргыз тилин билүүгө милдеттүү;
🔻сот процесстери мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек. Бирок расмий тилди да колдонсо болот;
🔻бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо кыргыз тили окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болушу керек;
🔻жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мыйзам талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши үчүн жергиликтүү орган менен макулдашылышы зарыл;
🔻керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө аудиовизуалдык, музыкалык жана башка программалардын 60 пайызы мамлекеттик тилде болушу шарт;
🔻көпчүлүккө айтылган бардык маалымат (кулактандыруу, жарыя, көрнөк) алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы кажет.
Мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 2025-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан. Колдогондор бул учурдагы эң актуалдуу мыйзам экенин айтышса, каршы чыккандар андагы талаптар азыркы шартта оор болуп каларын белгилешкен. Анын ичинде Бакыт Сыдыков, Балбак Түлөбаев, Гуля Кожокулова, Эрулан Көкүлов жана башка депутаттар долбоорду сынга алышкан.