Бүгүн президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясында Мамлекеттик тил күнү расмий түрдө белгиленип, кыргыз тилин өнүктүрүүдө салымын кошкондорго комиссиянын атайын сыйлыктары тапшырылды.
Майрамдык иш-чарага мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, тилчи адистер катышты.
Анда өлкөнүн мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов катышуучуларды тил майрамы менен куттуктап жатып, жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу кыргыз тилин заманбап шартта өнүктүрүү, санариптештирүү багытындагы иш-чараларга токтолуп өттү.
“Улутубуздун башкы сыймыгы, ата-бабаларыбыздын улуу табериги – кыргыз тилибиздин улуттук макамга ээ болгонуна быйыл 36 жыл толуп отурат. Бул мезгил аралыгында өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруусунда, сот өндүрүшүндө, дегеле коомдук чөйрөнүн бардык тармактарында кыргыз тили колдонуп келет. Эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси болгон кыргыз тилибиздин көөнөлүгүн, көркөмдүгүн, нукуралыгын сактоо жана анын келечегине кам көрүү, андан ары өнүктүрүү учурдун талабы жана кечиктирилгис милдет болуп эсептелет”-деп белгиледи.
Майрамдык иш-чарада ошондой эле төмөндөгүлөр “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланышты:
Ошондой эле аталган комиссиянын Ардак грамотасы жана Алкыш сыйлыгы тапшырылды.