• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

27 Жетинин айы 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн —  Кыргызстанда шайлоо алдындагы «жымжырт күн». Ага ылайык, добуш берүүдөн 24 саат мурун, тагыраак айтканда, 27-ноябрь саат 8:00дөн баштап талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт.

Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы шарт.

«Жымжырттык күнүн» шайлоо процессинин катышуучулары бузган учурда, БШК мыйзам бузуучуга чара көрүүгө укуктуу.

Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.

Количество просмотров: 109