• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президенттик шайлоо: Бүгүн өлкөдө «жымжырттык күнү»

9 Үчтүн айы 2021 2:19 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоо 10-январда саат эртең мененки 8:00дө башталат. Мыйзам боюнча шайлоого чейин 24 саат калганда үгүт жүргүзүү токтотулат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын укук бөлүмү билдиргендей, «жымжырттык күнү» үгүт жүргүзгөндөр мыйзам бузду деп табылат.

«Жымжырттык күнүндө эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка 17 талапкер чыкты.

Количество просмотров: 81