Бүгүн, 10-августта Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандан 5 спортчу күч сынашат. Спортчулар эркин күрөш жана бокс боюнча мелдештерге чыгат.

Эркин күрөш
15:00 —коло медаль үчүн жубатуучу беттеш, биринчи раунд 125 кг чейин
Айаал Лазарев — Амарвир Деси (Канада)
15:30 — алдын ала беттештер 65 кг чейин, 1/8 финал Эрназар Акматалиев — Исмаил Масукаев (Венгрия)
76 кг чейин, 1/8 финал Айпери Медет кызы — Ван Цзюань (Кытай)
23:15 — коло медаль үчүн беттеш 62 кг чейин
Айсулуу Тыныбекова — атаандашы аныктала элек
Бокс
01:47 — финал 57 кг чейин Абдумалик Халоков — Мунарбек Сейитбек уулу күч сынашат