• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн парламентте чек ара маселеси каралат

2 Бирдин айы 2022 10:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 2-февралда парламент жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана чек ара кызматынын башчысын чакырып, чек ара тууралуу маалыматты угууну сунушташты.

Депутат Нурланбек Шакиев чек ара тууралуу маалыматты жабык эшик артында угууну сунуштады.

«Коомчулукта 39-протокол боюнча сөз болуп жатат. Бул маселе боюнча УКМКнын төрагасы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып берем деген. Ушуну күн тартибине киргизип койсок», — дейт ал.

Натыйжада чек ара маселеси саат 14:00дө каралмай болду. Төрага Талант Мамытовдун айтымында, маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев берет.


Количество просмотров: 73