• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бүгүн президенттин катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

27 Бирдин айы 20269:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-февралда «Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.

«Жыйын жүрүшүндө минкаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет. Ошондой эле президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө», — деп жазды ал.

Белгиленгендей, республикалык кеңешме УТРК жана башка республикалык, облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактагы баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 164