• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бүгүн Райым Матраимовдун соту ачык өтөт

11 Бирдин айы 2021 9:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурумд ачык өтөт. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сот жараяны саат 16:30га белгиленген.

Белгилей кетсек, буга чейин Матраимовдун иши боюнча алдын ала сот отуруму 9-февралда жабык өткөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган. Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

Количество просмотров: 314