• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды

29 Жетинин айы 2019 14:28 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

«Бүгүн, 29-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды. Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган баардык жагдайлар боюнча суралат. Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 395