• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Раим миллион Кыргызстандан качпай эле ДКОго конок болуп барган

3 Аяк оона 2018 16:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.09.2018.Govori.TV.
Раим миллионду издегендер ДКОдон кармап алгыла…, деп фейсбук колдоонуучу Канышай Мамыркулова Раим Матраимовдун сүрөтүн, бүгүн жайгаштырган.

Анда, Дуйнөлүк көчмөндөр оюндарында Раим Матраимовду агасы Жогорку Кенешинин депутаты Искендер Матраимовдун жанында отурганын көрсө болот.
Ошол эле кезде, КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде VIP орунда отурганына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-сентябрда социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Анда: “Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Райымбек Матраимов келди. Ал кекирейип депутаттар жана өкмөттүн мүчөлөрү менен кол алышып учурашып, VIP орундарына отурду. Коррупцияга каршы күрөштү мамлекеттик чөнтөкчүлөр, паракорлор жеңип жатат. Мен башкы прокурорго, УКМКнын төрагасына, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директоруна кайрылат элем. Эмне үчүн Матраимов боюнча кылдат иликтөөнү президенттин алдына койбойсуңар? Кубанычбек Кулматов канча акча агымы бюджетке түшүшү керектигин так көрсөтүп, кызматтан алынып, УКМКнын абагына отургузулду. Кулматов грант бөлүп мектеп курганы, канаттуулар фабрикасына акча бербегени үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына отургузулду. Ал эми “Раимчик” өзүнүн элинен уялбастан, жашынбастан сырткы сымбатын көрсөтүүдө. Башкы прокуратурага, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына уят”, – деди Карамушкина.
Эскерте кетсек, айрым маалымат булактары укук коргоо органдарынын маалыматына таянып, Матраимов жакынкы күндөрү кармалып, камакка алына турганын, өлкөдөн сыртка чыгып кеткенин жазышкан.
Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раим Матраимов Суусамырда боз үй тиктирип алып, кымыз ичип жатыпканын Govori.TV агенттигине айткан болчу.
Анда ал эч жакка качпаганын, жакынкы күндөрү борборго кайтып келе турганын айткан.
“Мен кайда качат элем. Кача турган жигит эмесмин. Суусамырда ак ичип, эс алып жатам. Ишенбесеңер келип, конок болуп кетсеңер болот”, – дейт Раим Матраимов.

 

Количество просмотров: 30