• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Матраимовдун аты аталган коррупциялык иштер иликтене баштады

17 Тогуздун айы 2020 17:41 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы жемкорлук фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

“2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында Мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Учурда Бажы кызматынын 2016-жылдан берки ишмердигин текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытында ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ал 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бийликтен кетиши тууралуу билдирүү жасады.

Ал эми президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы Садыр Жапаров дайындалган.

Количество просмотров: 763