• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бүгүн Текебаевдин мандаты Гаипкуловго берилет

15 Бештин айы 2017 9:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын Искендер Гаипкуловго тапшырат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. «БШК Текебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин токтоткон. Бирок Текебаевдин жактоочулары Жогорку Сотко кайрылгандыктан мандатын кийинки талапкерге берүү процедурасы токтотулуп турган. Жогорку Сот да райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ал өкүм кече күнү Биринчи Май райондук сотуна түшкөн. БШКга эми келди. Эртең, 15-декабрда Текебаевдин депутаттык мандаты тизме боюнча кийинки талапкер Гаипкуловго берилет», — деди Осмоналиев.

Количество просмотров: 3