• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бүгүн Валентина Шевченко күйөрмандары менен жолугушат

8 Чын куран 20199:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.04.2019.Govori.TV.

Кечээ, 7-апрелде Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен Таиланддан Бишкекке келди.

Конокторду салтанаттуу түрдө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары Канатбек Арпачиев, федерация өкүлдөрү, спортчулар, күйөрмандар, уюштуруучулар, жакындары жана журналисттер тосуп алышты.

Мушкер кызды күйөрмандары Бишкек шаарына мотоцикл жана жол тандабастар менен коштоп кетишти.

Шевченко 8-апрелде саат 16:00дө Бишкектеги соода борборлордун биринде күйөрмандары менен жолугушат. Ал эми 9-апрелде Ошко барат.

UFC жылдызы муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Количество просмотров: 20